Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны

Россияда мобилизациянын экинчи толкуну болобу? Путиндин жообу

Путин өз ыктыяры менен катышып жаткандар атайын аскердик операциянын катышуучуларына каралган колдоонун бардыгын ала турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Владимир Путин жыл жыйынтыгын чыгарган ири маалымат жыйында Россияда экинчи ирет мобилизация кылуунун кажети жок экенин белгиледи.
"Анын бизге эмне кереги бар. Россияда экинчи ирет мобилизациянын зарылчылыгы жок", — деген ал.
РФ президенти жарым-жартылай мобилизация учурунда 300 миңдей адам чогултууга мүмкүн болгонун айтып, андан кийин бийлик аскерлерди келишимдик негизде ала баштаганын кошумчалаган. 13-декабрга карата армияга 486 миң адам кирген. Путин өлкөнү коргойм деген эркектердин агымы азыркыга чейин токтой электигин белгиледи.
"Күн сайын өлкө боюнча аскер комиссариаттарына өз ыктыяры менен 1 500 киши келип жатат. Биринчи толкун менен мобилизация болгондор мыкты салгылашууда. Анын 14ү Россиянын Баатыры болду. Учурда 244 миң адам согуш жүрүп жаткан жерлерде болсо, 41 миң киши жаш курагы жеткенине, ден соолугуна жана башка себептерге байланыштуу бошотулган", — деген Россия лидери.
Владимир Путин согушка өз эрки менен баргандар атайын аскердик операциянын катышуучуларына каралган колдоонун бардыгын ала турганын белгилеген.
"Согушка өз эрки менен барып, өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып, колуна курал көтөрүп Россиянын кызыкчылыгы үчүн салгылашып жаткандардын баарына бирдей шарт түзүлүшү керек", — деген ал.
Белгилей кетсек, учурда Россия президенти Владимир Путиндин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өтүп жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Ошондой эле РФ президентинин ири маалымат жыйынын түз эфирден да көрө аласыздар.
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Путин: РФ экономикасы туруктуулугун эле сактап калбастан, илгерилей да алат