Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны

Путин: РФ экономикасы туруктуулугун эле сактап калбастан, илгерилей да алат

Россия лидери өлкөнүн көрсөткүчтөрү "өнөктөштөр" үчүн таң каларлык болгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Россиянын экономикасы туруктуулугун сактоо менен чектелбестен, алдыга ишенимдүү бет алууга да даяр. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.
Ал экономиканын сактап келе жаткан негизги багыттарды санады.
"Биринчи — бул Россия коомчулугунун жогорку консолидациясы. Экинчи — өлкөнүн финансы жана экономикалык туруктуу системасы. Үчүнчү — биздин армия менен коопсуздук органдарынын мүмкүнчүлүктөрүнүн жогорулашы. Биздин көрсөткүчтөр "өнөктөштөр" деп аталган тараптар үчүн таң каларлык болду", — деди Путин.
Ал ошондой эле экономикалык өсүштүн башкы көрсөткүчү ИДП экенин айтып, быйыл жыл соңуна чейинки өсүш 3,5 пайызды түзгөнүн белгиледи.
"Бул жакшы көрсөткүч. Муну менен биз былтыркы жылдагы төмөндөөлөрдүн ордун жаап кеттик. Жаңылышпасам, былтыркы өсүш бизде 2,1 пайыз болгон", — деди Путин.
Владимир Путиндин маалымат жыйынынын түз эфирин шилтемеден көрүңүз. Sputnik тексттик трансляция дагы жүргүзүп жатат.
Путин Россиянын жаңы өзөктүк кемелери кызмат өтөөчү аймактарды тизмектеди