Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны

Бул апаат! Путин Газа секторундагы абал тууралуу

Россиялык лидер палестин-израиль конфликти боюнча Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен бирдей пикирде экенин кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. "Газада болуп жаткан нерсе — бул апаат" деди Россия президенти Владимир Путин. Ал бүгүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүп жатат.
Өлкө башчынын айтымында, БУУнун Газа боюнча аракеттеринде эч кандай адаттан тыш көрүнүш жок. Болгону өлкөлөр консенсуска келе албай жатышат.
"Кансыз согуш жылдарында түрдүү күчтөр, ар кайсы мамлекеттер башка өлкөлөр тарабынан кабыл алынган чечимдерге бут тосуп келген. БУУ башынан эле консенсус издөө үчүн түзүлгөн. Эгер табылбаса чечимдер кабыл алынбайт. Дайым эле ушундай болчу", — деди президент.
Путин БУУнун башкы катчысы "Газа сектору дүйнөдөгү эң чоң балдар көрүстөнү болуп калды" деп объективдүү баасын бергенин билдирди. Ал ошондой эле палестин-израиль конфликти боюнча Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен бирдей пикирде экенин кошумчалады.
Владимир Путиндин маалымат жыйынынын түз эфирин көрүңүз. Sputnik тексттик трансляция дагы жүргүзүп жатат.
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Путин Украина кризисин Америка кантип жаратканын айтып берди