Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны

Путин Батыштын ачуу сөзүнө көңүл бурбоого эмне жардам берерин айтты

РФ лидери коюлган максаттарга жетүүгө умтулууну жакшы өздөштүргөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жылды жыйынтыктап жаткан ири маалымат жыйында Россия президенти Владимир Путинге "чирип бүткөн" дүйнө жүзү каршы чыккан учурда стресстен кантип чыгарын сурашты.
"Стресс... Же бизге чабуул жасалган мезгилде дейбиз го? Моюнга коюлган милдет. Мен максаттарга жетүү үчүн майда-баратка көңүл бурбай, болгон аракетимди жумшоону, башкы приоритеттерди туура тандаганды жакшы өздөштүргөм", — деди Путин.
Ал баарын түшүнүп талдоо үчүн көз караш кенен болушу зарылдыгын белгилеген.
Путин Россиянын азыркы аракеттерин Европа өлкөлөрү эле эмес, АКШда да колдогондор бар экенин, бир топ мамлекеттер Москва туура кадамдарды жасап жатат деп эсептешерин кошумчалады.
"Биз бирөөнүкүнө көз артпастан өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбыз үчүн күрөшүүдөн коркпойбуз. Салттуу баалуулуктарыбызды коргоо багытында дүйнөнүн ар бурчунда тарапташтарыбыз арбын, алардын саны барган сайын көбөйүп жатат", — деди Путин.
Владимир Путиндин маалымат жыйынынын түз эфирин көрүңүз. Sputnik тексттик трансляция дагы жүргүзүп жатат.
Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны
Путин Украина кризисин Америка кантип жаратканын айтып берди