Владимир Путиндин жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны

Путин Украина кризисин Америка кантип жаратканын айтып берди

Путин Америка Украинадагы мамлекеттик төңкөрүшкө беш миллиард доллар сарптаганын коомчулукка уялбастан ачык айтканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Европа биримдиги менен болгон мамилени жөнгө салуу бизден гана көз каранды эмес. Анткени ортодогу байланышты биз эмес алар бузду. Алар бизди улам экинчи, үчүнчү планга жылдырууга аракет кылып келишти. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.
Путин 3-4 мүнөттү аябастан Украинадагы конфликт эмнеден улам башталганын эстеп коюуну сунуштады.
"Азыркы абал Украинадагы 2014-жылы болгон төңкөрүштөн башталган. Ага чейин биз ондогон жылдардан бери Украина менен жакшынакай мамиле түзүүгө аракет кылып келгенбиз. Виктор Янукович шайлоодон жеңсе да бийликти бербей үчүнчү турду жарыялашты. Бул төңкөрүш эмей эмне? Баш мыйзамда эч кандай үчүнчү тур деген жок болчу. Жылма төңкөрүш деп ушуну айтат. Биз муну да кабыл алдык. Янукович кийинки шайлоодон дагы жеңип чыкканда биздин оппоненттер кандай кадамга барды? Туура, төңкөрүш жасашты. Азыркы трагедияга карабастан орустар менен украиндер бир эл экенин дайыма айтып келем. Учурда бир туугандар ортосунда жарандык согушка окшош апаат жүрүп жатат. Украинанын түштүк-чыгышынын баары ар дайым Россияны колдоп келген. Анткени ал жак биздин тарыхый жерибиз болгон. Муну баары жакшы билет. Ленин СССРди түзгөн учурда баарын Украинага өткөрүп берген. СССР урагандан кийин деле ошол боюнча калтырдык. Бирок Украинанын Россияны колдогон түштүк-чыгыш бөлүгү биз үчүн маанилүү болуп келген. Анткени алар дайыма шайлоо учурунда ички-тышкы саясатында РФти колдогон лозунг менен чыккандарга добуш беришчү. Россияга ушул эле жетиштүү болчу. Бирок 2014-жылкы төңкөрүштөн кийин Украина менен жакшы мамиле түзүүгө бизге жол беришпей турганын түшүндүк", — деди Путин.
Ал Америка Украинадагы мамлекеттик төңкөрүшкө беш миллиард доллар сарптаганын коомчулукка уялбастан ачык айтканын белгиледи.
"Ошол 2014-жылы Польша, Германия жана Франциядан үч тышкы иштер министри келип, Януковичтин бийлиги жана оппозиция ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кепилдиги катары кол коюшкан. Алар баары тынчтык жолу менен бүтөт деп макулдашкан. Бирок эки күндөн кийин мамлекеттик төңкөрүш жасашты. Шайлоого барып деле жеңип чыгышса болбойт беле? Жок! Аларга чекит коюу үчүн жаңжал чыгаруу керек болчу. Мунун баарын биздин америкалык "достор" жасады. Ал эми кепилдик катары кол койгон европалык дипломаттар эч нерсе билбегендей түр көрсөтүп кутулушту. Европадан сурап көргүлөчү, ушул нерсе эстеринде бар бекен? Албетте, эстешпейт. Башкысы — биз унуткан жокпуз", — деди Путин.
Өлкө лидери Россиянын чек арасына болушунча жакындап келүү аракети, Донбасстагы сегиз жылга созулган кандуу окуялар бүгүн кечирип жаткан күндү башка салганын белгиледи.
Владимир Путиндин маалымат жыйынынын түз эфирин шилтемеден көрүңүз. Sputnik тексттик трансляция дагы жүргүзүп жатат.
Путин Россиянын жаңы өзөктүк кемелери кызмат өтөөчү аймактарды тизмектеди