Суусамыр — Тараз жолуна 30 млн. доллар кредит берилет. Жапаров мыйзамга кол койду

Келишимге 24-апрелде кол коюлган. Ал эми аны ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамды Жогорку Кеңеш жети айдан кийин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза, 104,6–197,6 чакырым" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Келишимге 24-апрелде кол коюлган. Ал эми аны ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамды Жогорку Кеңеш 22-ноябрда кабыл алган. Сауд өнүктүрүү фонду келишимдин алкагында Кыргызстанга 30 миллион доллар (112,5 миллион сауд риалы) бөлөт. Бул каражат долбоордун бир бөлүгүн каржылоо үчүн бөлүнөт.
ӨКМ 73,6 млн. доллар кредит алып авариялык 40 мектептин ордуна жаңысын курат