БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкектеги №2 ооруканага бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түштү.
Жеринде министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү жүрөт.
© Фото / пресс-служба Минздрава КР
Учурда бейтаптар менен персонал эвакуацияланып жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Жеринде министр Алымкадыр Бейшеналиев өзү жүрөт.
Бишкектеги коомдук жайларга бомба коюлгандыгы боюнча маалыматтар соңку кезде байма-бай түшчү болду. Буга чейин бир катар соода борборлорго, мектептерге дагы бомба коюлганы айтылып, адамдар эвакуацияланган.