Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда жүргөн Зеленский курал сурап Конгресске сес көрсөтүүдө

Украинага кошумча каражат бөлүү демилгесин республикалык оппозиция бөгөттөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. АКШга барган Владимир Зеленский алгачкы сөзүндө Украинага мындан аркы жардам тууралуу макулдашуудагы пикир келишпестиктер үчүн Конгрессти сындап, Вашингтондон кайрадан курал-жарак суроодо. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Зеленский шейшемби күнү АКШ президенти Жо Байден жана Украинанын муктаждыгы үчүн делген кошумча 60 миллиард доллар бөлүүгө каршы чыккан Конгресстин өкүлдөрү менен жолугат.
"Алар (Россия бийлиги — ред.) пикир келишпестиктер тууралуу угуп-билген сайын тилектери орундалып жатканын көрүшүүдө", — деген Зеленский Вашингтондогу Аскер академиясында сүйлөп жатып.
Украинага кошумча каражат бөлүү демилгесин республикалык оппозиция бөгөттөөдө, конгрессмендердин басымдуу бөлүгү миграциялык реформа жүргүзүүнү колдоп жатат, дагы бир бөлүгү акча берүүнүн максаттуулугунан күмөн санап, тирешүүнү токтотуу керектигин айтууда.
Зеленский Ак үй менен Конгрессте "быйылкы жетишкендиктердин негизинде кийинки жылы болчу аракеттер" тууралуу сөз кыларын кыйыткан. Ал эми америкалык мыйзамчылар ийгиликсиз контрчабуулдан кийинки аракеттердин планын көрсөтүүнү талап кылышууда.
"Patriot абадан коргонуу системалары, радиоэлектрондук күрөш каражаттары, дрондор, истребителдер — мунун баары кургакта алдыга жылуубузга жардам берет", — деген Зеленский.
Россия Украинада аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин зомбулугунда жашаган элди коргоо" экенин айткан болчу. РФ лидери бул үчүн "Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо керектигин" билдирип, Донбасстын "жай тургундарына каршы кылмыш жасагандарды" аскер сотунун жоопкерчилигине тартуу зарылдыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Financial Times: Зеленский ушул аптада башкы союздаштарынан кол жуушу мүмкүн