Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аскерий эксперт: Украинанын Батыштан келген техникасы жарактан чыга баштады

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Батыштан келген курал-жарагы менен техникасы муз жаандан улам жарактан чыга баштады. Бул тууралуу аскер эксперти, ЛЭРдин отставкадагы подполковниги Адрей Марочко РИА Новости агенттигине билдирген.
"Кар жаап, абанын температурасы улам өйдө-ылдый болуп жаткандыктан Украинанын Батыш жеткирген курал-жарагы жана аскердик техникасы жарактан чыгууда. Көбү бузулуп жатат. Сооттолгон техниканын тоңуп калганы да көйгөй жаратууда, аны пайдалануу үчүн көпкө чейин жылытуу керек болуп жатат. Бул жоокерлердин ыкчам аракет көрүүсүнө тоскоол болууда", — деди Марочко.
Муз жаан 1000-1500 метр бийиктикте жылуу болгондуктан жааган кар эрип, атмосферанын андан төмөнкү катмарында тамчылардын кайра тоңуп калышынан улам пайда болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Financial Times: Зеленский ушул аптада башкы союздаштарынан кол жуушу мүмкүн