Акылбек Жапаров кытай инвесторлору менен ГЭС куруу маселесин талкуулады

Кытай компаниясынын жетекчиси долбоорго ири инвестиция жасоого даяр экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен China National Electric Engineering Company (CNEEC) компаниясынын жетекчиси У Гуйшэн Кыргызстанда ГЭС куруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
CNEEC курулуш иштерине олуттуу инвестиция салууга даяр. Бул нерсе Кыргызстандын энергетикалык секторун өнүктүрүүгө шарт түзүп, жумушчу орундарды түзөрү белгиленди.
Жапаров парник газынын чыгышын азайтууга жана энергиянын таза булактарын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдой турганын айтты. Ал эми Гуйшэн CNEEC Кыргызстанда долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн алдыңкы технологиялар менен таза энергетика жаатындагы тажрыйбасын бере аларын кошумчалады.
Энергетика министри: Бишкекте трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды