Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кырылдык... Украин ЖМКлары Днепрдин сол жээги үчүн күрөштүн майнапсыздыгы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Украинанын жалпыга маалымат каражаттары өлкөнүн Куралдуу күчтөрү Днепрдин сол жээгиндеги плацдармга аскер жөнөтүп, жоокерлерди бөөдө өлүмгө учуратып жатканын жазып жатышат.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы ЖМКларды тизмектеп, анда айтылгандардан үзүндү келтирген.
Одессанын "Думская" басылмасы аскер күчүнүн алдыга жылышы тууралуу азыр кеп да жок экенин жазды.
"Күч менен каражаттын баары эптеп ошол жерде калууга жумшалып жатат", — деп жазылган макалада.
"Матростор колго жасалган нерселер менен суудан өтүүгө аргасыз. Көбүн жээкке жеткирбей эле жок кылып жатышат. Жээкке аман жеткендер Россиянын арсеналындагы болгон-бүткөн каражат менен өлтүрүлүүдө".
"Жарадар болгондор ошол жерде эле калып жатышат".
"Кайсы арыбызга? Башка жагынан жеңишке жетип ушундай курмандыкка барсак бир жөн. Ал плацдармдар Россия армиясын жазгырып, кийин аларды кайра сокку урууга колдонмокпуз. Бирок биз азыр бардык жерде коргонууга өттүк".
"Эмне кажети бар эле? Эмнеге жоокерлерибизди батальондоп жоготуп жатабыз?"
"Азганактай жерди сактап калууга аракет кылуу — кылмыш".
"Бизди күнөөлөп чыгышат болушу керек, бирок унчукпай отура берүү мүмкүн болбой калды. Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы бул операциясын токтотушу керек".
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Республикачы сенатор: Украинанын ою ишке ашарына чынында эч ким ишенген эмес