Студенттер спектаклдерин тартуулап, жаңы ысымдарды жаратмакчы

Фестивалда бир катар номинациялар каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Студенттик спектаклдердин эл аралык VII "Жаңы ысымдар" аттуу фестивалы өтөрүн Маданият министрлиги кабарлады.
Иш-чара 17-22-декабрь күндөрү болмокчу.
Фестиваль жыл сайын театр искусствосуна тиешеси бар кесипте окуган студенттердин профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү максатында өткөрүлүп келет.
Маданий иш-чарада мыкты спектакль, аткаруучулук өнөр, көркөм окуу, эң мыкты режиссура, эң мыкты драматургия, эң мыкты театр сыны, чыгармачыл жаштардын устаты номинациялары каралган.
Бишкекте мектеп жана жаштар театрынын фестивалы өтөт. Кирүү акысыз