УКМК "Дордой" базарын тескеген деп 5 салыкчыны кармады

Базарда 600дөн ашык соода жайы бар болсо, салык 400 гана ишкерден түшүп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. "Дордой" базарын тескеген Мамлекеттик салык кызматынын беш өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алар ишкерлердин салык төлөөдөн качууга шарт түзүү менен коррупциялык схеманы уюштуруп келишкен деп айыпталууда.
"Бул схема 5-6 жыл туруктуу иштеп, салык кызматкерлери мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып жүргөн. "Дордой" базарында 600дөн ашык соода жайы бар болсо, салык 400 гана ишкерден түшүп турган", — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголуп, Салык кызматынын М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К. аттуу кызмат адамдары жана Салык кызматынын азыркы жетекчилеринин бири А.А.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканы кошумчаланды.
Шадиевге таандык "Баткен-Комфорт" базарын башкаргандар кармалды