БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы бул маанилүү маараке экенин, документ 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынганын эске салган.
"Адам укуктарынын жалпы декларациясы ар бир адамдын кадыр-баркын жана эркиндигин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон принциптерди камтыган алгачкы универсалдуу документке айланды. Эгемендикке ээ болгондон бери Кыргызстан ар бир жаранды коргоого умтулуу максатын аныктаган бул негизги документтин катышуучусу болуп саналат", — деген Жапаров.
Президент Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык коомчулуктун жооптуу катышуучусу катары декларациянын фундаменталдык принциптерин сактоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген.
Ал жалпы кыргызстандыктарды ар бир жарандын укугу менен эркиндигин урматтоону бекемдөө үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.