БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Республикалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине психологиялык ооруларды алдын алуунун жолдорун санап берди.
Адистин айтымында, эң башкысы адам убагында эс алып турушу керек.
"Бир дагы киши "ден соолугум 100 пайыз мыкты, психикалык жактан тазамын" деп кепилдик бере албайт. Күндүр-түндүр тынымы жок иштей берүүгө болбойт. Убагы менен эс алып туруу керек. Дем алуу маанилүү. Бизге "өнөкөт чарчоо" синдрому менен да келишет. Негизи сапаттуу уйку жана үзгүлтүксүз сейилдөө күзгү апатия, терс маанай менен күрөшүүгө жардам берет. Айрымдар кечке үйдө отурат. Сыртка чыгып, таза абада эс алышпайт, жаратылышка чыкпайт. Анан да организм чарчабаса уйку кайдан келсин", — деген Сыдыкбекова.
Ал кыймыл-аракет маанилүү экенин белгилеп, жөө басууну сунуштаган.
"Уктаарга жакын 1-1,5 саат телефон кармоого болбойт. Жарыкты өчүрүп, жымжырттыкта уктоо кажет. Түрдөп тамактанып, витаминдерди жеш керек", — деген адис.
Психиатр адам өзүн руханий жактан жакшы нерселер менен сугарышы керектигин айтып, дайыма негатив менен жүргөндөр оорукчан болуп каларын эскерткен.
Алтынай Сыдыкбекованын маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.