Кыргызстан ЕАЭБде дүң соода боюнча лидерлердин катарында

Дүң сооданын өсүү темпи бирикме аймагында орточо көрсөткүчтөн жогору болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстан дүң сооданын өсүү темпи боюнча Евразиялык экономикалык биримдиктеги лидерлердин катарында. Бул тууралуу ЕАЭБ боюнча беш жылга карата статистикада айтылат.
Өлкөдөгү дүң сооданын көлөмү боюнча маалымат:
2018 — 9,1 пайыз (Армения менен Казакстандан кийинки үчүнчү орун), ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч — 3,9;
2019 — 7,5 пайыз (Армения менен Казакстандан кийинки үчүнчү орун), ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч — 1,7;
2020 — пандемия жылында мамлекеттердин баарында көрсөткүч төмөн болгон;
2021 — 36,4 пайыз (биринчи орун), ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч — 5,3;
2022 — 19,3 пайыз (Армениядан кийинки экинчи орун), орточо көрсөткүч — төмөндөө.
Кыргызстанда чакан ишканалар көбөйүп жатканы айтылды