Валентина Матвиенко "Россия сегодня" жамаатын мааракеси менен куттуктады

Матвиенко медиа топ көп профилдүү күчтүү холдингге айланганын, анын окурмандарынын саны Россияда эле эмес анын сыртында дагы өсүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко "Россия сегодня" медиа тобунун жамаатын 10 жылдык мааракеси менен куттуктады.
"Силер Совинформбюронун, "Новости" басма сөз агенттигинин, "Москва радиосунун", "Голос России" радиосунун салттарын татыктуу улантып жатасыңар. Силер ишти кесипкөйлүк менен ыкчам, журналисттик этиканын бийик канондорун так сактоо менен, заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдаланып жүргүзүп жатасыңар", — деп белгиледи Федерация кеңешинин төрайымы.
Ал медиа топ көп профилдүү күчтүү холдингге айланганын, окурмандарынын саны Россияда эле эмес анын сыртында дагы өсүп жатканын айтты.
"Силерге жана кесиптештериңиздерге мындан ары да бийик максаттарды коюуну каалайм. Алар ийгиликтүү ишке ашат деп ишенем", — деп билдирди куттуктоосунда Матвиенко.
"Россия сегодня" эл аралык медиа тобу орус тилдүү РИА Новости, Sputnik радиосу, ПРАЙМ, ИноСМИ, Baltnews, Украина.ру, Социальный навигатор, КОТ жана Arctic.ru маалымат агенттиктерин бириктирип турат. Ал чет өлкөдө Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу деп таанылган.
Медиа топтун негизги продуктулары орус, англис, кытай, испан, араб жана фарси тилдериндеги маалыматтар. "Россия сегодня" — эл аралык аудиторияга, бизнес коомчулукка, мамлекеттик органдарга жана колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө багытталган маалыматтык продуктулардын ири россиялык өндүрүүчүсү.
Михаил Мишустин "Россия сегодня" жамаатын 10 жылдык мааракеси менен куттуктады