БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Украинада мобилизация кыйын болорун моюндап, анын "пропагандалык бөлүгү" өзгөрөрүн айтканын РИА Новости жазды.
"Киевде мобилизация оңой болбойт", — деген кеңешчи.
Подоляк Украинадагы телемарафондун эфиринде Киев мобилизацияны чагылдыруу боюнча жаңы программа даярдап жатканына токтолгон.
"Программада рекрутингге жаңы мамиле, мамлекеттин жана мобилизациялана тургандардын милдеттерин түшүндүрүү иштери камтылган. Подоляк фронтко жөнөтүү процедураларынын "пропагандалык бөлүгү" да өзгөрө турганын белгилеген" — деп жазылат маалыматта.
Украинада 2022-жылдын 24-февралынан баштап аскердик абал режими киргизилген, эртеси Владимир Зеленский жалпы мобилизация тууралуу жарлыкка кол койгон. 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Аларга аскерге чакыруу көчөдө, кафеде, май куюучу жайларда берилип жатканын чагылдырган видео тараган. Ошондой эле чакырууларды аймактык Толуктоо жана социалдык колдоо борборунун өкүлү бериш керек деген да эреже сакталбай калган. Аны жаран иштеген ишкананын жетекчиси, үй комитет башчысы, дагы башка жетекчилик кызматтагылар да тапшыра берүүгө өтүшкөн.