KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов үй камагына чыгарылды

Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. "Озтопрак" (KG Group) курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Эскерте кетсек, ишкер 26-октябрь күнү кармалып, эртеси камакка алынган. Атайын кызмат Ташов Бишкек мэриясындагы кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, 280 орундуу бала бакча салына турган жерге көп кабаттуу үйлөрдү курганын кабарлаган. Мунун кесепетинен шаардыктар бала бакчасыз калышкан. Натыйжада Ташовдун мамлекетке 52 миллион сом зыян келтиргени аныкталган.
"Имамидин Ташов 10 батирди жана 52,4 миллион сомдук бир коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берди. Мындан улам Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү", — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Учурда жогоруда белгиленген фактыларга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сот Адахан Мадумаровду февралга чейин камакта калтырды