Энергетика министри: Бишкекте трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды

Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкектеги кээ бир подстанцияларда трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев брифингде билдирди.
Анын айтымында, айрым трансформаторлор алмаштырылды. Мисалы, "Ново-Южная" подстанциясына 40 мегавольт-ампер (мурда 25 болчу) кубаттуулуктагы трансформатор коюлду. Ал эми ГЭС-5 аймагындагы подстанцияда кубаттуулук 250дөн 400 мегавольт-амперге жогорулатылды.
"Биз былтыркы суукта жогорку басым менен иштеген бардык подстанциялардагы кубаттуулук номиналдарын алмаштырууга жетиштик", — деди Ибраев.
Министр: кыргызстандыктарды акылдуу эсептегичке толук өткөрүү пландалууда