БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бир жарым жылдын ичинде Кыргызстандагы бардык абоненттерди акылдуу эсептегичтер менен камсыз кылуу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев брифингде билдирген.
Анын айтымында, өлкөдө 1,2 миллион абонент бар. Анын ичинен 300 миңи мындай жабдуулар менен камсыз болгон.
"Бир жарым жылдын ичинде Кыргызстанды толугу менен акылдуу эсептегичке өткөрүү планы бар", — деген министр.
Акылдуу эсептегичтер кыргызстандыктардын үйлөрүнө 2012-жылдан баштап коюла баштаган. Артыкчылыгы жарыктын көрсөткүчтөрүн аралыктан карап турса болот. Жабдуу маалыматтарды энергокомпанияга өзү жиберип турат.