БИШКЕК, 7-дек.— Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg мобилдик тиркемесин ишке киргизгенин маалымдады.
Билдирмеге караганда, бул "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин" мобилдик версиясы болуп саналат.
Салык кызматы тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө аларын маалымдады:
салык төлөөнү;
электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;
электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;
карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;
салык отчётторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;
салык органдарынан маалым кат алууга суроо-талап жиберүүнү;
катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну жүргүзө алышат.
Сервис ишкерлердин салык органдары менен кызматташуу процессин жөнөкөйлөтүү максатында ишке киргизилген. Salyk.kg тиркемесин Google Play аркылуу жүктөп алууга болору айтылды. Ал эми App Store версиясы жакынкы убакта жеткиликтүү болот.