ТИМ башчысы: Россияда соттолгондор Кыргызстанга которулгусу келбейт

Кулубаев алар эмне себептен баш тарта турганын ачыктаган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россияда соттолгон мекендештер Кыргызстандын абактарына которулгусу келбей, жазаны ошол аймакта өтөөнү каалашат. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.
Министр мекендештердин мындай каалоолоруна карабай соттолгондорду которуу боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Азыркы убакытка 100 адам Кыргызстандын абактарына которулган", — деди ал.
Кулубаев алар эмне себептен баш тартарын ачыктаган жок.
Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео