Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ сенаты Украинага жардам бөлүү мыйзам долбоорун кароону бөгөттөп койду

Процедураны аягына чыгаруу үчүн чечимди кеминде 60 сенатор бекитип бериши керек эле.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Украина, Израиль жана Тайванга 100 миллиард доллардан ашуун каражат бөлүү мыйзам долбоору АКШ сенатында процедуралык добуш берүүдөн өтпөй, бөгөттөлдү.
РИА Новости жазгандай, буга чейин демократтар дебаттар соңуна чыгып, мыйзам долбоору Сенаттын добушуна коюлганын билдирген. Процедураны аягына чыгаруу үчүн чечимди кеминде 60 сенатор бекитип бериши керек. Мында 49 сенатор макул болсо, 51и каршы чыккан.
Мындан улам мыйзам долбоорун кароо бөгөттөлүп, эми Конгресстин жогорку палатасы аны карай да, беките да албайт. Буга чейин президент Жо Байден Израиль менен Тайванга 106 миллиард доллар көлөмүндө жардам бөлүүнү сурап, бирок жалпынын колдоосуна ээ боло алган эмес. Буга Конгресстин ичиндеги чек араны коргоо маселеси боюнча ача пикир себеп болгон.
Басымдуу бөлүгү республикачылардан турган өкүлдөр палатасы каражатты Израиль үчүн гана бөлүүгө добуш берсе, көпчүлүктү демократтар түзгөн Сенат бул демилгени бөгөттөп койгон. Ал эми сурамды эки палата тең бекитип бериши керек, президент андан кийин гана кол коёт. Ал арада Украинага деп буга чейин бөлүнгөн каражат соңуна чыгып баратат, мындан улам Киевге жөнөтүлгөн курал-жарактын да саны азаюуда.
Эгер Конгресс Украинага жардам көрсөтүү боюнча бир пикирге келе албаса, майрамдык каникулдан улам маселени жыл жаңыргандан кийин гана кароого мүмкүн болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Путин Украина менен токтобойт". Байден Россия НАТОго чабуул коёрун айтты