Sputnik Кыргызстан агенттигинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Абасбек Доромбаев жана жол куруучу компаниялардын биринин жетекчиси Эрик Малдашев болду. Биз жол салуудагы жаңы технологиялар жана өлкөнүн бул тармактагы абалы тууралуу баарлаштык.
— Өзүбүз жол кура баштаганыбызга бир-эки жылдын жүзү болду. Жер-жерлерде анын сапатына нааразычылыктар айтылып калууда...
Абасбек Доромбаев: — Өлкөнүн экономикалык абалын жолдорунан эле көрүүгө болот. Жылына Кыргызстанда 35 миллион тонна жүк ташылат. Туризм да жакшы өнүгүүдө. Ушунун баары жолдун сапатына келип такалат. Дүйнө жүзүндө жол куруу технологиялары абдан көп. Мисалы, Германиянын өз методикасы бар. Бул аймактын климатына, жердин кыртышына байланыштуу. Кыргызстан 93 пайызга тоолуу өлкө. Жолдорубуздун көбү да тоолордун арасында жайгашкан. Жаңы жетекчи келгени туннелдин да жолу жасалды. Казакстан, Өзбекстан, Россия өлкөлөрү жаңы технология киргизип, миңдеген чакырым жолдорду куруп жатышат. Тажикстан да мындай технология менен жол курууга кол коюп, келишим түздү. Бизде бул жагы азыр токтоп турат. Америкадан деле фирмалар келип жатат, бирок азырынча келишим түзө элекпиз. Жакында эле Бишкек — Кара-Балта жолун көрүп келдим. Салынганына үч жыл болуп калды, бирок эмитен эле жыртылган жерине кара сагыздан куюп жамап жатышат. Ал өкмөттөн каржыланып, кытайлык компания тарабынан салынган. Бирок келишимде кемчиликтерин "өзүңөр жасап аласыңар" деп жазылып калган. Сапаты абдан начар. Илгери ата-бабаларыбыз Кара-Балтадан Суусамырга чейин кол менен жол салып 5-6 жылда бүткөн. Ал ушу кезге чейин жетти.
Кыргызстан жол жаатында бетонду карап отурбай башка альтернатива да табышы керек. Жаңы технологиялар кирип калса, цемент өндүргөн заводдор эки эсе көп чыгарып калышат. Себеби айыл жериндеги жолдор, магистралдар, 1-2-3-категориядагы жолдор оңолот. Ошонун баарына асфальт керек.
— Учурда жол куруу да көп убакытты алып, жылдап бүтпөй жатпайбы. Жаңы технологияны түшүндүрүп берсеңиз?
А.Д. — Жаңы технологияны киргизүү кажет. Мындан ары карап турууга болбойт. Чекке жеттик.
Топуракты майдалап, ага клей куюп, техника менен үстүнөн таптатып койсо бир суткада катып бетонго айланып калат. Ушул технологияны Кыргызстанга киргизүү керек. Антпесе бетондун сапатына жараша жолдор кайра эле талкаланууда. Бүгүн болжол менен үч миллиард доллар жол үчүн карызыбыз бар. Жаңы технология кирип калса, бир чакырымдын ордуна ошол эле акчага 1 чакырым 300 метр жол салынып калат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Абасбек Доромбаев
© Sputnik / Асел Акмат
— Эрик Мадалбекович, жаңы технология эмнеси менен пайдалуу? Андан канча каражат үнөмдөсө болот?
Эрик Малдашев: — Жаңы технологияны киргизбесек ушу Орто Азияда эле артта калчудайбыз. Бишкек — Кара-Балта жолунун талкаланып жатышынын негизги себеби фундаменти начар. Анткени асфальт өзү жүк көтөрбөйт. Ал борпоң материал. Аны битум эле кармап турат. Эгер жолдун пайдубалын мыкты жасабаса, асфальтты канча кабат салса да чөгүп кетет. Түштүк магистралдын абалы деле ушул. Мисалы, там салсаңыз деле пайдубалы начар болсо тамды кирпич кыласызбы же сокмобу, мааниси жок. Баары бир жарака кетип, жыл айланбай жарабай калат. Жол деле ошондой. Биз азыр ХХ кылымдын технологиясын колдонуп жатабыз. Ал эң көп дегенде эки тонна жүккө гана эсептелген. Азыр HOWO унаасы өзү эле 20-25 тонна, ал эми жүгү менен 40-45 тоннаны түзөт. Ошондуктан жолго 11 катмар асфальт басып жатабыз. Мунун баары чыгым. Андан кийинки жумуштары да көп. Европада, Россияда, Казакстанда бул технология иштебейт. Жол бузулса оңдоочу техник келип, үстүңкү катмарын алат да ресайклер трактору менен жолдун астына төшөлгөн материалдын баарын майдалап, кайра иштеп чыгып туруп топурак стабилизаторун жана бирден беш пайызга чейин топурактын көлөмүнө жараша цемент кошот. Натыйжада химиялык реакция жүрөт да аягында чоң монолит ташындай плита болуп калат. Бул фундаменти. Аркасынан грейдер келип түздөп, тегиздеп, эки жагын толуктап, 4-5 сантиметр болгон асфальт төшөп коёт. Оңдоо кезинде жол тосулбайт. Бир тилкени иштеп бүтүп, кийинкилерине өтө беребиз. Бир чарчы метрге калыңдыгы 5 сантиметр (125 килограмм) асфальт керектелет. Бүгүн тоннасы 4,5 миң сом. Эми канча үнөмдөлүп жатканын эсептегиле. Тоолуу жерде жашагандыктан инерттүү материалдарыбыз жакшы. Ал эми Казакстанда таш жок. Чөлдүү жер. Борпоң, жумшак материалдан жол салынып жатат. Мисалы, Акмоло облусу саздак жерде. Болбой эле жолдорунун сапаты мыкты. Эли көп, коомдук транспорт тынбайт. Мунун баары жаңы технологияны колдонуунун аркасы. Алар "Нурлуу жол" деген мамлекеттик программа кабыл алып, мыйзам чыгарып, мамлекеттик маанидеги жолдордун баарын жакшыртууну колго алышты. Анткени жол бул мамлекеттин визиттик картасы экенин түшүнүп жатышат. Жолго чектөө деген түшүнүк жок.
— Жаңы технологиянын пайдасы жана чыгымы кандай болот?
Э.М.: — Бүгүн Мамкурулуштун белгилеген баасы менен бир чакырым эки тилке (туурасы 7 метр — Э.М.) жол салууга 35 миллион сом кетет. Алгач жерди түздөп, чоң таштарды алып келип тегиздеп асфальтка чейин бир метр төшөйт. Ал эми жаңы технология менен 2-3 эсе тез бүтмөк, эң аз дегенде 30 пайыз үнөмдөлөт. Буга кошумча мындай жолдорго жок дегенде 10 жыл кепилдик берилет. Бир да оңдоп-түзөө иштери жасалбайт. Оңдоо иштери жүрүп жатканда айлап-жылдап жол жабылбайт. Экинчи тилкесинде унаалар жүрө берет, бир тилкеде иштей берет. Азыр биздин технология менен бардык курулуш компаниялар үч жыл кепилдик берет. Эптеп үч жыл өтүп кетсе, анан жамап жата бересиз. Буга чейин айла жок чет элдик компанияларга жол салдырып келдик. Азыр өзүбүздө адистер бар. Быйыл Транспорт министрлигинин эки адисин жеке каражатым менен Москвада өткөн семинарга алып барып келдим. Жаңы технология менен кантип иштеп жатканын, азыр заман кандай өзгөргөнүн өз көздөрү менен көрсүн дедим. Балдар окуп, иш процесси менен таанышты. Эмне үчүн "кылыш керек, жасаш керек" деп гана сүйлөйбүз. "Кылдык, жасадык, мыкты болду" деп айтууга болбойбу.
— Жаңы технологияны киргизүүгө министрлик деле демилге көтөрсө болот да. Эмне тоскоолдук кылууда?
А.Д.: — 2009-жылы Игорь Чудинов өкмөттүн №46 токтомуна кол койгон. Анда жаңы технологияларды эксперимент катары жасап көрүүгө уруксат берет. Президентке жана биздин министрге ушул жол салуунун жаңы технологиясын эксперимент катары жасап көрүүнү сунуштайт элем. Транспорт министри жетекчи катары биздин пикирди эске алып, президентке кирип сунуштайт деп ишенем.
Э.М.: — Жаңы конуштарда нормалдуу жол жок. Жашоочулар мэрияга даттанат. Мэрия аргасыз барат да жолду түздөп, бир аз көтөрүп коёт. Кышында эрип кайра эле мурунку кейпине келет. Жолдун жамандыгынан маршруткалар да жүрбөйт. Ошол себептен жогоруда айткандай түздөп туруп, клей куюп жаңы технология менен пайдубалын төшөп коёлучу. Арзан жана он жылга жол ызы-чуусу жабылат. Ал эми мэриянын жыл сайын жолду түздөп берүүсүнө канча акча кетип жатат? Быйыл 28-апрелде жол салуунун жаңы технологиясынын автору, техника илимдеринин кандидаты Антон Негуляевди Транспорт министрлигине алып келгем. Жолго байланышкан бардык аткаминерлердин катышуусунда жыйын өткөн. Андан кийин министрдин орун басарына кирдик. Ошондо "туугандар, шаар боюнча эң көйгөйлүү жолду бизге бергиле. Мисалы, Садыгалиев — Лев Толстой көчөсү жыл сайын талкаланып жасалат. Чоң машиналар көп жүрөт. Ушуну жасап көрөлү. Мамлекеттик деңгээлде Өтмөк ашуусунун жолун бергиле. Жылына оңдоо иштерине канчалаган миллион сом сарпталууда. Андан көрө ушул жолдорду жаңы технология менен салып берели" десек ойлонуп жатышат. Алар ойлонгуча өлкө такыр артта калып калды. Индиянын бир штаты биздин жаңы технология менен жол салууда. Баары сонун. Мындан тышкары, Монголияда, Беларуста, Чехияда жол салынып жатат.
— Эмне тоскоол болууда?
Э.М.: — Калыптанып калган стереотиптен өтө албай жатабыз. Биздин аткаминерлер союздан калган эрежеден чыкпайт. Президент деле ар тармакта жаңы технологияны пайдаланууну колдой турганын билдирген.
Учурда жол салган фирма үч жыл кепилдик берип коёт. Бул өзү коррупция. Анткени жоопкерчиликтен качып жатат. Жок дегенде 10 жыл кепилдик болушу керек. Кытайда жолго 50 жыл кепилдик берет. Күндөн-күнгө техника өнүгүп жатат. Мамлекет да стереотиптен чыгышы кажет. Бизге мүмкүнчүлүк берсе салып берели, анан сынайсыңар. Начар болсо жооп берүүгө даярмын.