БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкекте 8-9-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаров футзал боюнча кезектеги “Мурас” турниринин төртүнчү оюнуна катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.
"Газпром" спорткомплекси менен Спорт сарайында өтө турган иш-чарада 16 команда ат салышат. Алар группалык этаптын алкагында бир айлампа ойношот, андан соң чейрек финал, жарым финал жана финал өтөт.
Турнирдин максаты — дени сак жашоону, футзалды пропагандалоо жана коомчулуктун түрдүү сферасындагы өкүлдөрдүн достук мамилесин өркүндөтүү. Оюндардын түз эфири УТРК жана ЭлТР телеканалдарынан көрсөтүлөт.
Турнирдин катышуучулары:
Президенттин командасы;
Маданият өкүлдөрү;
Белгилүү ишкерлер;
ЖМК өкүлдөрү;
Футбол ардагерлери;
Спорттук федерациялардын жетекчилери;
Жогорку Кеңештин депутаттары;
Президенттин облустардагы өкүлдөрү, калаа мэрлери, район акимдери;
Диний кызматкерлер;
Ооруканалардын башкы дарыгерлери;
Мектеп директорлору, окуу жайлардын ректорлору;
Сот бийлигинин өкүлдөрү;
Күч структураларынын өкүлдөрү;
Белгилүү спортчулар;
КР элдер ассамблеясы, диаспора жетекчилери;
Банк жетекчилери.