БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду.
Ал биринчи эле раундда UFC уюмунун мурунку мушкери бразилиялык Лукас Мартинсти жеңип алды.
BRAVE CF — дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири. Анда 80ден ашык өлкөнүн мушкерлери күч сынашат. Абдисалам уулу жеңил салмактагы чемпион (70,3 кг чейин).