Пресс-борбор

Байсалов: либерал сымалдар күмөн санаган пландар ишке ашты

Ал Садыр Жапаров президент болуп турганда мамлекеттин кирешеси 2,5 эсеге көбөйгөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Эл аралык институттар, либерал сымалдар эки жыл мурда бийликтин пландарынан күмөн санашкан. Бирок ал ойлору таш каап, чоң ийгиликтерге жеттик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.
"Министрлер кабинетинин эки жыл мурдагы пландары айрым эл аралык коомчулуктун, ошол эле эл аралык финансы институттарынын күмөн ойлорун жараткан. Бирок өкмөт жасаган иштердин жыйынтыгы, өзгөчө мамлекеттин кирешесин көбөйтүүдөгү жетишкендиктер иш жүзүндө сандар менен көрүнүп турат", — деген Байсалов.
Ал Садыр Жапаров президент болуп турганда мамлекеттин кирешеси 2,5 эсеге көбөйгөнүн белгилеген.
Эгемендик алган жылдары экономикада эмнеден жаңылдык? Эксперттин маеги