БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Россия Африканын азык-түлүккө муктаж алты мамлекетине эгин жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн Кремлде ишеним грамоталарын кабыл алып жатып РФ президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
"Айрым өлкөлөрдө эгин түшүрүлүп жатат, кээси жолдо бара жатат. Россиялык порттордо эгин кемелерге жүктөлүүдө", — деди РФ лидери.
Мали, Борбордук Африка Республикасы, Эритрея, Сомали, Буркина-Фасо жана Зимбабвеге колдоо иретинде эгин жөнөтүлөрүн Путин жайында Россия — Африка саммитинин жыйынтыгы менен өткөн маалымат жыйын учурунда билдирген. Анын айтымында, аталган мамлекеттерге 25-50 миң тоннага чейин эгин жеткирилмекчи.
Россия эгин келишиминен чыккандан кийин дан өсүмдүктөрүнө дүйнөлүк баа жогорулап кеткенин кошумчалаган.