БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешелүү деген 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Н.Р.Р. аттуу жаран 2022-жылы "Этномаданиятты, асыл тукум жылкы чарбасынын ат спортунун индустриясын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүп, тоют өстүрүп, мал чарбачылыгы менен алектенүү үчүн 115 гектар айдоо жерин ижарага алган. Бул жердин 80 гектары Григорьевский айыл аймагында, 35 гектары Семеновский айылында жайгашкан.
"Н.Р.Р. ижара алган жеринде Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн малын багып, ага тоют өстүрүп келген. Муну менен ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүп жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо"), 222-беренесинин 3-бөлүгү ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо") боюнча иш козголуп, жер мамлекетке кайтарылган. Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар кошумча адамдарды жана кылмыш жолу менен алынган башка мүлктөрдү аныктоо боюнча иштер уланып жатканы кошумчаланды.