ЖК депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши сотто кайрадан каралмай болду

: Иш боюнча эл өкүлү менен кошо өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов дагы тергелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Парламент депутаты Эмил Жамгырчиевге карата мурда козголгон кылмыш ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кайра карайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга соттук инстанциядан билдиришти.
Соттук отурум 7-декабрга белгиленген.
"Айыпталуучуга карата козголгон кылмыш ишин кароо 26-июлда токтотулган. Иш боюнча Жамгырчиев менен кошо өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов дагы тергелип жатат", — деди соттон.
Эске салсак, 2020-жылы Жамгырчиев учурда жоюлуп кеткен Финансы полициясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ошол кезде Жамгырчиев менен Калмуратовду коррупцияга шектеп УКМК кармап кеткен. Кийин алар бюджетке 20 миллион сом которуп, сот актаган. 2023-жылдын январь айында Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Жогорку сот эки фигуранттын тең акталган чечимин жокко чыгарып, ишти биринчи инстанцияга жөнөттү. Бирок сот отуруму ар кандай себептерден улам жылдырылып келген.
УКМК: профсоюздар башчысы Көлбаевдин кишилерине "Ала-Тоодон" 2,3 га жер саткан