Sputnik Кыргызстан агенттигинде Кыргыз авиациялык институтунун окуу-тарбия иштери боюнча проректору Аида Эмчиева болду. Биз кыргыз авиаинститутунун 50 жылдык мааракесине карата окуу жайдын тарыхы жана учурдагы жетишкендиктери тууралуу маектештик.
— Алгач окуу жайдын тарыхына токтолуп берсеңиз?
— Биздин институт уникалдуу, Кыргызстандагы бирден-бир авиациялык окуу жай болуп эсептелинет. Элүү жылдык тарыхыбыз бар. 1973-жылы алгач Фрунзедеги жарандык авиациянын училищеси, андан кийин Бишкек шаарындагы авиациялык училище, колледж, институт болуп төрт этапты басып өттү. Көптөгөн адистерди даярдап чыгардык. Кыргызстан эле эмес, Орто Азия, Африка мамлекеттери үчүн авиатехниктер даярдалып келген. Мозамбик, Куба, Казакстан, Тажикстандан келген бүтүрүүчүлөр учурда өз мамлекетинде эмгектенип жатышат. Азыр окуу жай Кыргызстандан чыккан алгачкы учкуч Ишенбай Абдраимовдун ысымын алып келет.
Үч багытта адистерди даярдайбыз. Институттун алдындагы орто кесиптик колледжде 11 адистик боюнча окутулат. Авиацияда учкучтар, стюардессалар гана эмес, башка да көптөгөн адистер эмгектенип келет. Авиатехниктерде жүк ташуу боюнча уюштуруу адистери, диспетчерлер, менеджер өңдүү адистиктер даярдалат. Чет мамлекеттен да келип билим берген мугалимдер бар.
— Сиздерге студент болуу үчүн кандай талаптар коюлат?
— Көптөр ушул окуу жайга барууну каалашканын, бирок чочулап келбегенин айтып калышат. Формабыз кызыктырат. Өзгөчөлүгүбүз ушунда болсо керек. Бизге каалаган улан-кыздар келип тапшыра берет. Башкысы медициналык кароодон өтүү кажет. Учкучтар менен борт коштоочулар атайын комиссиядан оң жооп алса, анда биздин эшигибиз ачык. Ал эми калган кесиптерге комиссиянын кереги жок.
Эгер жайкы кабыл алуудан орун калбай калса, анда кышкы кабыл алуу жүрөт. Бул эреженин киргенине экинчи жыл болду. Каалоочулар абдан көп болгондуктан орун жайында эле толуп калууда. Азыр да окууга тапшырууну каалагандар келип жатат, бирок орун жок. Контракттык негизде гана окутабыз. Биз да ЖРТнын жыйынтыгын карайбыз. Ички экзамендер жок.
— Контракт канча?
— Учкучтардыкы 76-77 миң сомдун тегереги, ал эми калган адистиктерге 41 миң сомдой төлөйт.
— Авиаинститутта бир кезде тарыхый инсандар да окуп кетиптир. Азыр эл аралык мамилеңиздер кандай?
— Ушу тапта 28ге жакын эл аралык окуу жай менен ич ара келишимдерибиз бар. Учурда Россиядан, Түркиядан, Ливиядан, Өзбекстан, Казакстандан жана Эмирликтен студенттер келип окуп жатат. Жакынкы күндөрү дагы келишимдер түзүлөт. Түркиянын Нишанташи университети менен тыгыз иштешүүдөбүз. Биздин дипломубуз көп мамлекетте жарагандыктан чет элдик студенттер атайын келишимдин негизинде эмес, өздөрү эле келет. Алар үчүн ички сыноо бар.
— Окуу жайдын алдында кандайдыр бир даярдоо курстары барбы?
— Чет элдик студенттер үчүн жарым жылдан бир жылга чейинки орус тили боюнча курстар окутулат. Андан кийин алар окууга тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Жатаканалар толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн, балдар нааразы эмес. Мындан тышкары, студенттердин руханий дүйнөсүнө да көңүл бурулат. Тайпасы менен жылына 3-4 жолу театрга, музейлерге барышы керек деген милдеттеме алышат. Окуу жайда да ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз. Азыр Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата даярдык көрүп жатабыз.
— Чет мамлекеттик студенттер өзүнчө программа менен окутулабы?
— Жок, баарына талап бирдей. Чогуу эле окушат. Бир туугандай болуп, иш-чараларга катышып жүрө беришет. Анын үстүнө тил үйрөнүүсүнө да жакшы.
— Практикадан да толук өтүшөт…
— Ооба, "Ош", "Тамчы" жана "Манас" аэропорттору менен тыгыз байланышта иштейбиз. Авиакомпанияларда да практика өтөп көп нерсени үйрөнүп келишет. Практикадан келген студенттер "болду, ушул кесип менен алектенем, эч жакка кетпейм" деп келишет.
— Иш менен камсыз болуу жагы кандай?
— Биз деле толук иш менен камсыз кылбайбыз. "Манас" аэропорту жылына 20 бүтүрүүчүнү иш менен камсыз кылуу үчүн тажрыйба топтоого алышат. Балдар окууну бүткөндөн кийин андан ары туруктуу иштеп калууда. Практика мезгилинде да аэропорттор "ушул студентиңер жакшы билет экен, окуусун бүткөндө бизге жиберсеңер" деп тандап алышат. "Өзбек аба жолдору" авиакомпаниясы менен жакында эле келишим түздүк. Алар адистерди даярдап берүүбүздү сурап жатышат. Атайын долбоор менен чет мамлекеттеги окуу жайларда бир-эки жыл окуп келүү тажрыйбасына да кириштик. Учурда Россияда бир жыл окуп келген студентибиз бизде окуусун улантып жатат. Мындан тышкары, быйыл эки студент Самарага эки жылдык мөөнөт менен кетти. Азыр учкуч болууну каалаган кыздар да пайда болду. Бир тайпада 20 бала окуса, анын төрт-бешөө кыздар. Дүйнөдө кыздардын биринчи учкуч болгон учурлары да кездешүүдө. Бирок алар жүргүнчүлөрдү чочутуп албоо үчүн экинчи учкучту учураштырып сүйлөтүп коюшат.
— Окуу жайда кандай көйгөйлөр бар?
— Жогорку окуу жай катары түзүлгөнүбүзгө 5-6 эле жыл болду. Андыктан көп нерсеге жетишүү үчүн иштеп, инфраструктурабызды жакшыртуунун үстүндөбүз. Жыйындар залын ачып, оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Биздин окуу жай илгери "Дружба" аттуу кинотеатрдын жана №59 мектептин эски имаратына ачылыптыр. Ошондон бери турган имарат колдонуудан чыгып калган. Көп нерсени жаңыладык. Бизге чоң, жаңы, заманбап имарат керек.
Заман өзгөрүп, техника да өнүгүүдө. Биздин өнөктөштөрүбүз окуу куралы катары "Боинг" учагын белекке берди. Окуу полигонубузда ондогон учак, тик учактар бар. Техник балдар аларды чечип, кайра чогултуп оңдогонду үйрөнүшөт. Ал эми борт коштоочулар учактын ичинде өзүн кандай алып жүрүүнү, учактын ичин, эмнени кайсы убакта басуу керектигин үйрөнүшөт. Диспетчерлер жана учкучтар үчүн да атайын машыктыруучу жай бар. Диспетчерлер радио билдирүүнү туура жүргүзүү боюнча атайын машыктыруудан өтөт.
— Магистратурага да кабыл аласыздарбы?
— Былтыр магистратура боюнча лицензия алып, алгачкы магистранттарды кабыл алдык. Алар аба коопсуздугу жана аэропорттогу ишмердүүлүк жаатында окуп, илимий иштерди жүргүзүүдө. Мындан тышкары, ишмердигин авиация тармагына арнаган адамдар да келип окуй алышат. Алардан идея көп чыгат. Көңүл буруп, керектүүсүн алууга аракет жасайбыз. Окуу жайдын алдыңкы бүтүрүүчүлөрүн жумушка алып калабыз. Алар жан дили менен берилип иштешет. Айрымдары магистратурада окуп жатышат.
— Окуу жайдын элүү жылдыгына карата кандай иш-чаралар өтүлүүдө?
— Институтта музей ачтык. Анда авиацияга тийиштүү көптөгөн экспонаттар бар. Кыргыз аэронавигациясы, "Манас" аэропорту өз экспонаттарын коюшкан. Каалоочулар барып көрө алат. Жакында ыктыярчы болуп жүргөн мектептин окуучулары келип, музейди көрүп аябай кызыгып, кеткилери келбей, акыры биздин институтка келип тапшырмай болушту. Бизге тапшырууну каалагандар физика, математика сабактарына көңүл бурушу абзел. Анан ден соолуктарын карашы керек. Ар кандай коктейль, энергетикалык суусундук, чылымдан алыс болсун. Анткени мунун баары адамдын саламаттыгын бузат. Медициналык комиссия текшергенде жаман адаттардын кесепетинен улам өтпөй калышат. Кичинесинен бери сүйүктүү кесибине ээ болууну тилек кылып келип, максаты ишке ашпай калса жаман да. Стюардесса болууну каалаган кыздар өтпөй калганда ызаланып ыйлаган кездери болот.