Бишкекте унаалар башаламан токтогон жерлерге бак-дарак отургузулат

Унаа токтотуучу жайларды тазалоо учурунда дээрлик 230 тонна акыр-чикир чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкекте унааларды башаламан токтотуп койгон жайлар жашыл аймакка айланат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Тагыраагы, унаа токтоткон жайлардын ордуна бак-дарактар отургузулары айтылды.
"Бишкек асфальт сервис" ишканасынын кызматкерлери бордюр орнотуп жатышат. Тыныстанов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол боюна бордюр жана торлорду орнотуп, таман таштарды монтаждоо иштери аяктаса, Манас проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишине 20, Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине 40 бордюр орнотулуп, асфальт төшөөгө негиз даярдалган. Ушундай эле иштер Байтик баатыр жана Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Башаламан унаа токтотуучу жайларды тазалоо учурунда дээрлик 230 тонна таштанды чыгарылганы кошумчаланды.
Эл токойдун маанисин түшүнүп жерди ижарага ала баштады. Токой кызматынын иши