Байденге АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери импичмент жарыялоого белсенди

Жакынкы күндөрү импичмент жарыялоо процедурасынын алкагында иликтөө жүргүзүү маселеси каралары айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байденге анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мыйзам бузганы боюнча болжолдуу маалыматты иликтөөгө Ак үй тоскоолдук кылып жатканы үчүн импичмент жарыялаш керек. Бул туурасында Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Fox News телеканалынын эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.
Ноябрдын аягында Washington Post басылмасы АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын республикачылары жакынкы күндөрү Байденге импичмент жарыялоо процедурасынын алкагында иликтөө жүргүзүү маселесин добушка коёрун маалымдаган.
“Мындай кадамга баруу муктаждыгы жаралды... Биз Элиза (Стефаник, Өкүлдөрү палатасынын мүчөсү — ред.) экөөбүз эки ирет Дональд Трампты импичменттен коргоо командасында иштегенбиз. Анда демократтар бетпактык, партиялык саясий максаттарын колдонуп жаткан. Биз андай ыкманы сындаганбыз, ал эми азыркы иш такыр башкача”, — деп түшүндүрдү Жонсон.
Анын айтымында, юрисдикция боюнча бир нече комитет Байдендердин укук бузууларынын далилдерин табуу үчүн өтө чоң жумуштарды жасап жатат. Бирок Ак үй аларды бөгөттөп, “далил болчу миңдеген баракчаларды жашырууда”.
Өкүлдөр палатасы Американын президентине каршы иликтөөсүн мурдагы спикер Кевин Маккаратини кызматтан алынгандан кийин баштаган. Ал Банк көчүрмөлөрү Байдендин үй-бүлөсүнө жана алар менен байланышы бар адамдарга ар кандай жалган компаниялар аркылуу 20 миллион долларга жакын каражат төлөнгөнүн көрсөтүп турганын билдирген.
Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзгөн республикачылар Байдендин уулу Хантердин бизнесине жана жалпы эле үй-бүлөсүнө карата иликтөө жүргүзүүдө. Демократтар башында турган өткөн чакырылыштагы палата ошол кездеги республикачы президент Дональд Трампка карата териштирүү жүргүзүп, кийин эки ирет импичмент процедурасын өткөрүшкөн.
Байдендин уулу атасын аласалдырууда. Демократтар президентинен кол жууйбу?