Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада аткаминерлерди да фронтко жөнөтүү тууралуу кеп айтылды

Украинанын запастагы полковниги бул фронттогу аскерлердин жетишсиздиги менен байланыштуу экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Украинада аскер кызматкерлери жетишсиз болгондуктан аткаминерлерин да фронтко жөнөтүү керек. Мындай пикирин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги Роман Свитан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мамлекеттен акча же пенсия алган бардык мамлекеттик кызматкерлер аскер кызматында болушу керек. Бул мамлекеттин өзөгү. Бизде мамкызматкерлердин болгону бир пайызы гана аскердик милдетин аткарат. Баары аткарышы керек да, күч түзүмдөрүн, күзөт фирмаларын кошуп, алардын баары чакырылышы зарыл", — деген Свитан.
Полковник жүз миңдеген аткаминерлерди аскерге чакыруу жумуштун сапатына эч кандай таасир бере албайт деп эсептейт. Буга ал мындай сандагы мамлекеттик аппарат керек эмес деген жүйөнү келтирген.
Украинада 2022-жылдын 24-февралынан баштап аскердик абал режими киргизилген, эртеси Владимир Зеленский жалпы мобилизация тууралуу жарлыкка кол койгон. 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Аларга аскерге чакыруу көчөдө, кафеде, май куюучу жайларда чакыруу берилип жатканын чагылдырган видео тараган. Ошондой эле чакырууларды аймактык Толуктоо жана социалдык колдоо борборунун өкүлү бериш керек деген да эреже сакталбай калган. Аны жаран иштеген ишкананын жетекчиси, үй комитет башчысы, дагы башка жетекчилик кызматтагылар да тапшыра берүүгө өтүшкөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык экс-чалгынчы: НАТО Киевди Россия менен эпке келүүгө үндөп жатат