Бишкектеги таштанды полигонуна 850 түп көчөт отургузулду. Сүрөт

Мэрия андагы бак-дарактарга тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонула турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын аймагына 850 түп көчөт отургузулганын шаардык мэрия маалымдады.
Көчөт тигүүгө Бишкек шаарынын мэриясы, шаардагы төрт райондук мамлекеттик администрация кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын жана "Эко Деми" коомдук фондунун активисттери катышкан.
1 / 3

"Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын аймагына 850 түп көчөт отургузулду

2 / 3

Көчөт тигүүгө Бишкек шаарынын мэриясы, шаардагы төрт райондук мамлекеттик администрация кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын жана "Эко Деми" коомдук фондунун активисттери катышкан.

3 / 3

Мындан тышкары, санитардык полигонду жашылдандыруу иш-чарасына Ботаникалык бактын жетекчиси, биологдор да барган.

Мындан тышкары, санитардык полигонду жашылдандыруу иш-чарасына Ботаникалык бактын жетекчиси, биологдор да барган.

"2,3 гектар жер аянты бак-дарактуу аймак болот. Бул багыттагы иштер улантылат. Анда тамчылатып сугаруу системасы колдонулат. Буга чейин таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте быйыл бак-дарак өткөн жылга караганда 84%га көп отургузулду