Балдар үчүн "Санариптик ден соолук профили" кызматы ишке кирди. Милдети

Профилдеги пайдалуу маалыматтарды көрүү үчүн "Түндүк" мобилдик тиркемесин ачып, башкы бетиндеги "Санариптик ден соолук профилин" тандоо керек.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 1-декабрдан тарта балдар үчүн "Санариптик ден соолук профили" кызматы ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"Ал ата-энелерге жашы жете элек балдарынын ден соолугу тууралуу маанилүү маалыматты алууга жана балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. "Санариптик ден соолук профили" камсыздандыруу статусу, саламаттыкты сактоо уюмдарына баруу, лабораториялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы, эмдөөлөр жана башкалар жөнүндө маалыматтарды камтыйт", — деп айтылат кабарда.
Министрлик профилдеги пайдалуу маалыматтарды көрүү үчүн "Түндүк" мобилдик тиркемесин ачып, башкы бетиндеги "Санариптик ден соолук профилин" тандоо керектигин белгиледи.
"Жакында кызмат өзүңүз жөнүндө маалыматтардын негизинде билдирмелерди жөнөтө баштайт, мисалы, сиз же балдарыңыз эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү, лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыктарын жиберип турат", — деп жазылат министрликтин сайтында.
Министрлик ушул сыяктуу ден соолукка байланыштуу кызматтар "Түндүк" мамлекеттик порталынын мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашарын эскертти. Ал үчүн аталган тиркемени телефонго көчүрүп, электрондук санарип кол тамгасын алуу керек.
Радио
Ишенапысова: кызамыкка каршы эмделген энелердин балдарында иммунитет болот