Россиялык куткаруучулар грузиялык морякты сактап калышты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Россиялык куткаруучулар Кара деңиздеги катуу толкун учурунда грузиялык морякка жардам берип, аны GAIA I жүк ташуучу кемеден алып, Сочидеги ооруканага жеткиришти. Тагыраагы, аны сактап калышты.
"Экипаждын мүчөсү жардамга муктаж болгон. Ага жетүү үчүн россиялык куткаруучулар 23 чакырымдык аба жолун басып өтүшкөн. Суу менен барганга мүмкүн эмес эле, себеби толкундун бийиктиги алты метрге чейин жеткен", — деп айтылат РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тараткан маалыматында.
Матрос, Грузия жараны, катуу толкун учурунда темир эшик жабылып кетип жаракат алган. Куткаруучулар ошол жерден дарыгерге чейинки алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, андан соң Сочидеги ооруканага жеткиришкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Туткунга түшкөн каршылашын куткарган россиялык жоокердин видеосу