Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев Батыш берген дагы бир танкасынан айрылды. Видео

Россиялык аскерлер мурда да каршылаштарын Leopard жана заманбап модификациядагы бир нече танкасын иштен чыгарган
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү согуш талаасына чыгаргандан көп өтпөй Leopard 1A5 танкасынан айрылды.
Бул боюнча видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы таратты.
Россиялык аскерлер буга чейин каршылаштарын Leopard жана заманбап модификациядагы бир нече танкасын иштен чыгарган.
Forbes басылмасы кеп болуп жаткан 1A5 техникасынын башкаларга караганда коргонуу мүмкүнчүлүктөрү азыраак. Батыш Киевге жиберген техникалардын сооту 70 миллиметрден ашык эместигин жазды.
Германия бийлиги Украинага Leopard 1A5 үлгүсүндөгү 25 танк жөнөткөнү 2-ноябрда маалымдалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мындайды күткөн эмес". Батыш өрттөлгөн "Леопарддардын" эсебин чыгарды