Өкмөт: ар бир 14үнчү кыргызстандык тигүү тармагында эмгектенет

Тигүү жана текстиль тармагы өнөр жай секторунун ИДПсынын 7,1 пайызын түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстан экономикасынын эң эле өнүккөн тармагы — жеңил өнөр жайы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал тигүү жана текстиль индустриясы боюнча TEXPO I Улуттук форумдун ачылышында сүйлөгөн.
"Белгилүү болгондой, өлкө экономикасынын эң өнүккөн тармагы — жеңил өнөр жайы. Бул динамикалуу өнүгүп жаткан тармактардын бири, калкты жумуш менен камсыздап, социалдык мааниси чоң", — деди Касымалиев.
Чиновниктин айтымында, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын аягында жеңил өнөр жай тармагында 34,4 миң киши иштеген, бул жеке ишкерлерди эсепке албагандагы көрсөткүч. Көз карандысыз баалоолорго караганда, өнөр жайга тиешеси бар тармактарды кошо алганда эмгектендердин саны 150 миң кишиге жетет. Касымалиев бул калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн ар бир 14үнчү тургуну экенин айтты.
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, тигүү жана текстиль тармагы өнөр жай секторунун ИДПсынын 7,1 пайызын түзөт.
Радио
Асанов: кыргыз тикмечилигинин ЕАЭБ ичинде алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар