Садыр Жапаров жаштардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды

Мамлекет башчы өлкөдө агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эместигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өткөн Жаштар форумунда сүйлөп, улан-кыздардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды.
Мамлекет башчысы билимди алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышы үчүн билим берүү тутуму менен кесипке даярдоо тармагына колдоону күчөтүүгө сөз берди. Экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруларын айтты.
Төмөндө мамлекет башчынын белгилеген багыттары:
Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өткөн Жаштар форумунда сүйлөп, улан-кыздардын көңүлүн үч багытка бурууга чакырды

Инвестицияны өзүңөргө салгыла

Биринчиси – жаңыча билимдерди, инновацияларды жана технологияларды ыкчам өздөштүрүү багыты. Сиздерден өзүңүздөргө, билимиңизге инвестиция салууну суранам.
Бүгүн силердин колуңарда дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан маалымат алууга, электрондук форматтагы каалаган материалга жана билим алуу жаатында жүздөгөн колдонмолорго кирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Жаштыгыңардын бир эле бөлүгүн окууга, билим алууга, өнөр үйрөнүүгө жумшай алсаңар, анын үзүрүн өмүр бою көрөсүңөр. Чыгармачыл ой жүгүртүүнүн, ойду ырааттуу билдирүүнүн, ишкердик көндүмдөрдү, каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүнүн башаты китеп окууга такалат.
Мамлекет башчысы билимди алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышы үчүн билим берүү тутуму менен кесипке даярдоо тармагына колдоону күчөтүүгө сөз берди.

Агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок

Экинчи багыт – улуттук биримдигибизди жана ынтымагыбызды чыңдоо. Биз аймагына, улутуна, социалдык абалына карап бөлүнбөшүбүз керек. Баарыңар бир Кыргызстандын жаштарысыңар. Келгиле, кыялыбыздагы Кыргызстанды куруу үчүн бир бололу! Ааламдашуу менен катар дүйнө өзгөрүп, руханий баалуулуктарыбыз, адеп-ахлагыбыз, нарк-насилибиз унутта калып бараткандай. Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам жана мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголгон адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды, энелерибизди коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, карыяларыбызга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес.
Экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруларын айтты.

Табиятка аяр мамиле кылалы

Үчүнчү багыт – ажайып кооз жаратылышыбызга, табиятыбызга аяр мамиле кылуу милдети турат. Тилекке каршы, биз баарыбыз глобалдык климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуубуз керек. Биз баарыбыз адаттарыбыз менен баалуулуктарыбызга маани берип, кайрадан карап чыгышыбыз керек дегенди билдирет. Сууну, электр энергиясын үнөмдөө, заманбап технологияларга өтүү жана, албетте, уникалдуу флора жана фаунабызды коргоо жаңы замандын жаштарынын адаттарына айланышы зарыл. Мүмкүн болушунча өзүбүздүн жашоо образыбызды сактап, кийинки муундун таза табиятта, жайлуу жашоосу үчүн зарыл болгон иш-аракеттердин баарын көрүшүбүз абзел.
Жапаров сөзүнүн аягында жаш муун өкүлдөрүн биргелешип иштеп, мыйзам үстөмдүгү орногон, улуусун урматтап, кичүүсүн ызаттаган, инновацияларга толгон, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн коомду курууга чакырды.
Садыр Жапаров ипотека кезегиндеги 13 миң адамдын баары үйлүү болорун убадалады