Кыргызстанда сасык тумоого кабылгандар көбөйүп жатат

Ооругандардын арбыны 14 жашка чейинки балдар экенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда сасык тумоого кабылгандар көбөйүп жатат. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдирди.
Быйылкы жылдын 47-аптасына карата маалыматта (20-26-ноябрь) курч респиратордук оору менен 5 050 адам катталганы айтылды.
Өткөн жумага салыштырмалуу ноокастагандардын саны боюнча көрсөткүч 13,1 пайызга өскөн. Алардын 65 пайызы 14 жашка чейинки балдар экенин белгиледи.
"Мындан сырткары, Бишкекте COVID-19дун төрт учуру катталды. Күндүн суукташы менен грипптен башка вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өскөнү байкалат", — деди ведомстводон.
Грипптик эмес инфекцияларга парагрипп, аденовирус, респиратордук-синтициалдык вирус, риновирус кирерин түшүндүрдү.
Департамент бүгүн республика боюнча тобокел тобуна кирген 87 110 адамдын гриппке каршы эмдөөдөн өткөнүн билдирди.
Эпидемиологдор кыштан оорубай чыгуу үчүн эрежелерди сунуштады