Бишкекте "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу жаштар форуму өтүүдө. Сүрөт

Форумга өлкөнүн ар аймагынан 2 000ге чукул активист жаштар, ар кыл тармактын өкүлдөрү катышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу жаштар форуму өтүп жатат.
Иш-чара маданий программа менен башталып, Кыргызстандын ар кыл тармагында ийгиликке жетишкен өкүлдөрүнүн видеотасмасы көрсөтүлдү.
1 / 3

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу жаштар форуму өтүп жатат

2 / 3

Иш-чара маданий программа менен башталып, Кыргызстандын ар кыл тармагында ийгиликке жетишкен өкүлдөрүнүн видеотасмасы көрсөтүлдү

3 / 3

Форум активдүү жана таланттуу жаштарга кошумча пайдалуу билим, көндүм жана баалуу маалымат алууга дем берүү максатында уюштурулган

Форум активдүү жана таланттуу жаштарга кошумча пайдалуу билим, көндүм жана баалуу маалымат алууга дем берүү максатында уюштурулган. Ага өлкөнүн ар аймагынан 2 000ге чукул активист, ар кыл тармактын өкүлдөрү катышып жатат.
Уюштуруучулар форум 2020-2030-жылдар аралыгында жаштар саясатынын концепциясын ишке ашыруунун биринчи этабы катары өтүп жатканын белгиледи.
Иш-чаранын алкагында жаш ишкерлердин жарманкелери уюштурулуп, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу күтүлүүдө.
Кыргызстанда жаштардын курагы 7 жылга расмий узартылды