Тротуар сала алган жок. "Бишкек асфальт сервистин" башчысы иштен алынды

Түзүлгөн кырдаалдан улам муниципалдык ишканага убактылуу тышкы башкаруучу дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек асфальт сервис" ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаевди кызматынан алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
Мэрия билдиргендей, 21 көчөнүн жөө адамдар басуучу жолун оңдоо 12 подрядчыга жүктөлгөн.
Жетекчини бошотуу чечими ишкананын тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү мөөнөтүн сактабагандыгы, подряддык уюмдарды өз убагында жана талаптагыдай көзөмөлдөбөгөндүгү, жолдор жана тротуарлар боюнча материалдарды дайыма сапатсыз даярдагандыгы үчүн кабыл алынганын айтышты.
Тротуарды оңдогон сегиз ишкананы муниципалитеттин "кара тизмесине" киргизүү каралууда, кээ бирлерге айып пул салынган.
Мындай кырдаалга байланыштуу "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасына убактылуу тышкы башкаруучу дайындалган.
"Бишкек асфальт сервисти" Турусбек Түмөнбаев жетектеп турган. Ал президент Садыр Жапаровдун кудасы, тагыраагы, бир тууган жездесинин агасы болот. ЖК депутаты Акылбек Түмөнбаев экөө бир тууган.
Бишкек мэриясы чаңдан арылуу үчүн шаарды курчай бак тикмей болду