БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнө жаңы имарат куруп бергенин Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.
Ачылыш салтанатына ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер катышкан.
Жалпы аянты 780 чарчы метрди түзгөн имараттын курулушу ушул жылдын 1-июнунда башталган, демөөрчүлөр миллион доллардан ашуун акча каражатын сарптаганы айтылууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, калкты тейлөө борбору жана музей жайгашары белгилүү болду.
Төрага өлкөнүн өнүгүүсүнө ар бир жарандын салым кошуусу маанилүү экенин белгилеген.
"Өлкөбүздөгү жаңыланууларга өз салымын кошуп, борбордон алыс жайгашкан Аманбаев айылына ушундай заманбап имаратты куруп берген Өмүрбек Бабановдун жасаган иши көпчүлүккө үлгү. Мындай демилгелер дагы улантылып, ийгиликтүү ишкерлерибиз, чыгаан уул-кыздарыбыз өз айылдарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт деген ишеничтебиз. Анткени бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу менен алдыга жыла берсек Кыргызстаныбыз кубаттуу, өнүккөн мамлекетке айланат", — деди спикер.
Андан тышкары, төрага жаңы имаратта иштей турган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жардам катары Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырды.