29-ноябрга карата аба ырайы

29-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Шаршембиде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көлдө жана Нарында +6...+11 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +17...+19 жана Ош шаарында +18...+20 градусту көрсөтөт.
Кыргызстан боюнча 2-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу