Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган афган элине гумжардам жиберет

Эл аралык жарандык коргонуу уюму тарабынан бөлүнгөн 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктар, гигиеналык каражаттар алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстан октябрдагы жер титирөөдөн жабыркаган Афганстанга гуманитардык жардам жибере турганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Кыргызстан октябрдагы жер титирөөдөн жабыркаган Афганстанга гуманитардык жардам жибере турганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Билдирмеге караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ӨКМ тарабынан жакынкы күндөрү 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна өсүмдүк майы жана 500 керебет, 500 жууркан, 500 матрас афган элине жөнөтүлөт

3 / 3

Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Афганстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталып, 2 миңден ашык адам каза болуп, 9 миңден ашык киши жабыркаган

Билдирмеге караганда, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ӨКМ тарабынан жакынкы күндөрү 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна өсүмдүк майы жана 500 керебет, 500 жууркан, 500 матрас афган элине жөнөтүлөт.
"Ошондой эле Эл аралык жарандык коргонуу уюму тарабынан бөлүнгөн 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктар, гигиеналык каражаттар алынды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Афганстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталып, 2 миңден ашык адам каза болуп, 9 миңден ашык киши жабыркаган.
Экологияны сактап калууга жасалма интеллект жардамчы боло алат. Маек