Инвестиция жаатында жаңы мыйзам жазылды. Чоо-жайы тууралуу маек

Инвестициялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыкты. Муну менен катар инвесторлорго ыңгайлуу шарттар, экономикага оң таасир берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу каралууда.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Президентке караштуу Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов болду. Биз мыйзамдын жаңы редакциясы жана Кыргызстандын инвестициялык абалы тууралуу баарлаштык.
— Инвесторлордун укуктук маселелери боюнча бир катар өзгөртүүлөр кирери жарыяланган. Буга түшүндүрмө берсеңиз?
— Экономикадагы өзгөрүүлөрдү эске алып инвесторлорго бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында бир катар иштер пландаштырылды. Президенттин "Инвесторлорду коргоо жана колдоо", "Инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү" боюнча жарлыктарынын негизинде жаңы кадамдар иштелип чыкты. Алсак, учурда "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы даярдалган. Долбоор каражат сала тургандардын укуктук мамилелерин жөнгө салууга, мамлекеттин инвестициялык саясатынын принциптерин белгилөөгө багытталган. Мындан тышкары, экономиканын өсүшүнө өбөлгө болгон механизмдер камтылат. 2026-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасынын негизинде өсүштөргө жетүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат. Ошондой эле бизнес-коомчулуктардын арасында инвесторлордун даттанууларын кароо тартибин кеңири жайылтуу боюнча пландар талкууланды.
— Учурда инвестиция ИДПнын канча пайызын түзөт?
— Бүгүн инвестиция өз агымына жараша ички дүң продукциянын 3-5 пайызын түзүүдө. Бирок ИДПга жылына 13-15 пайыз туруктуу салым кошуп турууну пландап жатабыз. Глобалдык көрсөтмөлөрдөн же болбосо алдыңкы өнүккөн мамлекеттердин тажырыйбасын карап көрсөк ИДПнын өсүшү үчүн инвестициянын үлүшү 10 пайыздан ашса жакшы болуп эсептелинет. Негизи чет өлкөдөн кирген түз инвестиция менен ички инвестициянын ИДПдагы үлүшү 10 пайыздан кем болбошу керек. Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк түз инвестиция тартууда биздин агенттиктин орду чоң.
Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов: Жылдан-жылга өсүү байкалат. Мисалы, 2022-жылы бир млрд. доллардан ашык инвестиция келген. Быйылкы жылдын алты айында 429 млн. доллар кирди.
— Силер көздөгөн 10 пайызга жетүү мүмкүндүгү кандай болуп турат?
— Жылдан-жылга өсүү байкалат. Мисалы, 2022-жылы бир миллиард доллардан ашык инвестиция келген. Ал эми ушул жылдын алты айында 429 миллион доллар кирди. Анын эң чоң үлүшү Кытайга туура келет, ал эми экинчи орунда турган Россиядан түшкөн каражат 87,2 миллион долларды түздү. Андан кийин Нидерланд, Улуу Британия жана Түркия мамлекеттери турат. Инвестициялык долбоорлорду тез, ыкчам жана кыска мөөнөттүн ичинде ишке киргизсек түз инвестициялардын көлөмү да өсөт. 2026-27-жылдары инвестициялардын эсебинен ИДПнын 10 пайыздан ашыгын түзөбүз деген амбициялуу пландарыбыз бар. Быйыл жарым жылдын жыйынтыгы менен Бишкек шаарына 196,5 миллион доллар инвестиция келген. Каражат финансы, соода тармагына кирди. Талас облусу эки жыл катары менен инвестиция көп келген үч аймактын катарында. Мурда Нарын облусуна жылына 10 миллион доллардан ашпаган инвестиция келсе, быйыл көптөгөн аракеттердин жыйынтыгы менен сумма 23 миллиондон ашты. Ушул көрсөткүч менен Нарын Ысык-Көл облусунан жана түштүк регионунан озуп, бешинчи орунду ээлеген. Облуста инвестициянын көлөмү 45 эсе өстү деп айтууга болот. Тогуз айдын жыйынтыгы чыкканда мындан да так маалымат бере алабыз.
Быйыл 50дөн ашык ар кандай форматтагы иш-чара өткөрдүк. Кыргызстанда инвесторлор, экспортерлор үчүн берген маалыматтын негизинде семинарлар өтүлөт. Былтыр 100 миллион долларлык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылган. Быйыл 1 миллиард 400 миллион доллардан көп инвестициялык долбоорлор менен иштеп жатабыз. Жакында эле үч долбоор боюнча инвестициялык келишимге кол койдук. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда көп функционалдуу комплекс куруу боюнча долбоор 300 миллион долларды камтыйт. Мында мейманкана, ири соода борбору жана бизнес-борбор курулат. Андан кийин цемент майдалоо заводун куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлган, тийиштүү жумуштар аткарылып жатат. Үчүнчү маанилүү долбоор — Ленин жана Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнө заманбап соода-логистикалык борбор куруу. Бул ички инвестор, "Алканов" компаниясы тарабынан ишке ашырылат. Кара-Балтадагы иштебей турган мурунку оюнчук чыгаруучу ишкананы инвесторлор сатып алган. 2014-жылы түрк инвесторлору текстиль фабрикасын курмак, бирок кийин ар кандай шарттан улам долбоор ишке ашпай туруп калган. Биз эки тарапты жолугуштуруп, түрк инвесторлору бири-бирин таанып, ишти тездетип, жакында алгачкы товарлары чыгышы керек. Кыргызстанга биринчи жабдыктар келди, алар да бажы төлөмдөрү боюнча процесстерден өтүп жатат. Каркырада туристтик борбор ачуу жаатында россиялык инвесторлор менен сүйлөшүлдү.
— Кыргызстан быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна, Парламенттер аралык ассамблеянын жыйынына да төрагалык кылды. Мында инвестиция жаатында да көп маселелер козголду. Бул канчалык деңгээлде оң жыйынтыгын берди?
— Кыргызстандын аброюна тийиштүү 3-4 иш-чара кыска мөөнөттө өттү. Бул башка мамлекеттер үчүн да тажрыйба болду. Пандемиядан кийинки жалпы глобалдык өзгөрүүлөрдүн негизинде эл аралык мындай жыйындарда саясий эле эмес, экономикалык да маселелер айтылууда. Көптөгөн мамлекеттерде кризис болгондуктан азыр инвестициянын ролу абдан өсүп кетти. Мамлекеттердин ортосунда көп тармактуу атаандаштык да күчөп жатат. Туруктуулук үчүн экономикасын көтөрүү керектигин ар бир өлкө түшүнүп, инвестициялык кызматташтыктын маанисин баамдап калды. Мындай интеграциялык өнүгүү жолунда бизге каржы булактары керек.
Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов: Инвесторлор 10 млн. доллардан ашык долбоорду ишке ашырса, тажрыйбасы, эл аралык аброю жакшы болсо министрлер кабинети менен түзмө-түз келишим түзө алат. Инвесторлордун улуттук долбоорлоруна да артыкчылыктар берилген.
— Адатта бизнесмендер мамлекеттен колдоо күтөт. Инвесторлорго шарт түзүү жагы кандай болууда?
— Инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү, өлкөдөгү климатты жакшыртуу зарыл. Бул үчүн мыйзамга, нормативдик актыларга өзгөртүүлөр киргизилген. Инвесторлор 10 миллион доллардан ашык долбоорду ишке ашырса, тажрыйбасы, эл аралык аброю жакшы болсо министрлер кабинети менен түзмө-түз келишим түзө алат. Инвесторлордун улуттук долбоорлоруна да артыкчылыктар берилген. Ага ылайык, тийиштүү салыктардан бошотууга болот. Өнүккөн мамлекеттерде да өндүрүштү туруктуу өзгөрүүлөрдүн негизинде кармоо өтө оор болуп жатат. Ошондуктан ал компаниялар ыңгайлуу жана туруктуу локацияларды жана мамлекеттерди издөөдө. Көп өлкөлөрдө компаниялардын кеңселери жабылып, алар Орто Азия тарапка кызыгып жатышат. Бул биз үчүн жакшы.
Инвесторлордун арыздарын, сотко чейинки даттанууларын карап чыгып, анын негизинде механизмдерди иштеп чыкканбыз. Ошондон тарта элге маалымат жайылтуу жана жеткирүү жаатында тийиштүү иштерди алып бардык. Мунун арты менен 90 миллион долларлык инвестицияны сактап калдык. Себеби талаш-тартыштарды оң тарапка чечтик. 650 жумуш орду сакталды.
— Кайсы маселе боюнча арыздар көп түштү?
— Мамлекеттик органдарга тийиштүү маселелер көп. Мисалы, жер, салык маселеси жана иштешип жаткан эки тараптын иши токтогондо долбоорду экиге бөлүү жаатында кайрылышты. Бул биз үчүн да алгачкы тажрыйба болду.
— Жакында "Мекендештер" форуму болуп өттү. Чет мамлекеттеги журтташтар Кыргызстанга инвестиция салууга ойлору кандай экен?
— "Мекендештер" форумуна 200дөн ашык өлкөдө жашаган кандаштар катышты. Алгачкы маселелер катары экономикалык, социалдык жана консулдук көйгөйлөр айтылды. Баштапкы этапта барган мигранттар өз турмушун жакшыртууну көздөгөн. Ошол учурда кеткен мигранттар туруктуу бизнес-өкүл, ишмерлер болуп калышты. Алар мекенине жана мамлекеттик органдарга инвестиция салуунун жолун сурап жатышат, кандай долбоорлор менен кайсы багытта иштей аларыбыз кызыктырууда. Коңшу мамлекеттерге салыштыргандагы артыкчылыктар тууралуу сурашты. "Өз мекенибизге инвестиция алып келсек туруктуу иштеп кете алабызбы?" деген суроолорду беришти. Биз дагы баарын түшүндүрүп бердик. Мындан тышкары, эки тараптуу өнүктүрүү фонддору бар экени айтылды. Айрым инвесторлор туруктуу долбоорлорду ишке ашырып жатат. Мекендештерден бизге инвестициялык агент болуп беришин сурандык.
Кыргызстан биотехнологияны фармацевтикада колдонуп чоң киреше таба алмак. Маек