БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда орус тили керек. Мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан жакынкы чет өлкөлөрдөгү россиялык мекендештердин аймактык X конференциясында Кыргызстан элдеринин ассамблеясындагы кеңештин төрагасы Алмамбет Матубраимов билдирди.
"Бизде орус тилин эне тили деп айтсак да болот. Ал расмий тил катары колдонулат, аны менен бардык жерде сүйлөй алабыз. Бул тил Кыргызстанга зарыл. Акыркы 100 жылда Россия менен жан дүйнөбүз бир болуп калды, ал эми алака-катыштарыбыз мындан ары дагы бекемделет", — деген Матубраимов.
Белгилей кетсек, конференциянын салтанаттуу ачылышы бүгүн Plaza Hotel Bishkek отелинде өттү. Иш-чарада чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын коргоо, алардын бирикмелери менен Россиянын аймактарынын өз ара кызматташуусун жакшыртуу, орус дүйнөсүн орус тили аркылуу сактоо жана башка бир катар маселелер талкууланары пландалган.
Конференцияга Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Вадим Гусев, Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Елена Афанасьева, Россиялык мекендештердин бүткүл дүйнөлүк координациялык кеңешинин төрагасы Михаил Дроздов, Мамлекеттик Думанын Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигиндеги евразиялык интеграциялар жана мекендештер менен байланыш иштери боюнча комитет мүчөсү Артем Кавинов жана башкалар катышты.