Бишкекте өткөн эл аралык иш-чараларда атчан милиция кызматкерлерин кезиктирип калган чыгарсыз? Ооба, алар ири самиттерде, сырттан коноктор көп келген конференция, форумдарда жылкыларын "жасантып", аземге барчу "кийимдерин" кийгизип шаардагы коопсуздукту коргойт. Тартипти сактайт. Ардактуу конокторду тосуп алууга да катышат.
Бул — ИИМдин тутумундагы кавалериялык взвод. Демейде андагы кызматкерлер аянты чоң парктарда тартипти көзөмөлдөшөт, мындан тышкары, кылмышкерлер тоо-таш аралап жашынса автоунаа чыга албаган же жөө киши оңой менен жетпеген жерлерге барып кылмышкерлерди колго түшүрүүгө жардамчы болот. Бул кызматтык аттар кайда кантип багылат? Взводго адистер кандай талаптар менен кабыл алынат? Ушул жана башка суроолорго биз кавалериялык взводдун кызматкерлери менен курган маегибизде жооп алдык.
Тема боюнча: